Жогору кароо– 2014-жылдын апрели —Ырайым жана Чындык Журналы
Тирилген Мырза Магдалина Мариямга көрүнөт
Мариям эңкейип карады өзү сүйгөн Мырзасынын ачык мүрзөсүнө, ошондо ак кийимчен эки периштени көрдү, алар Анын денеси жаткан жердин башында жана бутунда отурушкан (Жкн. 20:11-12). Бирок ал мындай кереметтүү көрүнүшкө таң калган жок, анткени ал Мырзасын жоготкондугуна байланыштуу айтып бүткүс кайгыга баткан эле. Алардын: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың?» деген суроосуна ал: «Менин Мырзамды алып кетишти, Аны кайда коюшканын билбейм», – деп жооп берди (13-аят NKJV ).
Кайгырган Мариям периштелерден бурулуп кеткенде, анын кайгысы жана жүрөгүнүн берилгендиги Мырзаны жакындатты, бирок ал Аны тааныган жок. Ал Мырзасын тирилүүдө таанууга даяр эмес болчу жана кайгысынан улам Андан да бурулуп кетти! Бирок Анын оозунан чыккан бир сөз баарын өзгөрттү: «Мариям». Ал Өз койлорун атынан чакырат, алар Анын үнүн тааныйт. Кайра бурулуп, ал: «Раббони», же «менин улуу Устатым», – деди. Анын тирилүү кереметинин укмуштуулугу ага эч нерсе болгон жок – ал сүйгөн Аны гана ойлоду, эми ал анын көз алдында эле.
Ал ага айтты:«Мага жабышпа, анткени Мен Атама али көтөрүлө элекмин». Анын өлүмү жердеги мамилени четке койду, бирок Ал ага «Менин бир туугандарым» деп атаган адамдар менен жаңы мамилени жарыялады. Ал «Менин Атама жана силердин Атаңарга, жана Менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга» көтөрүлүүгө тийиш болчу (17-аят), анткени тирилүүдө Ал жаңы жаратуунун Башы, анда Кудай Өзүнүн ыйык Уулун тааныган бардык адамдарга Ата. Бул рухий жана асмандагы мамиле, бирок Ал «биздин Атабыз» деген жок, анткени Анын уникалдуу Уулдугу ар дайым биринчи орунда, жана башкалардан бөлүнгөн орунда болушу керек. «Менин Атам» деген термин Мырза Исанын кудайлыгын билдирет, ал эми «Менин Кудайым» Анын адамдыгын билдирет. «Силердин Атаңар» деген ишенгендер жаңы төрөлүү аркылуу кудайлык табиятка катышуучулар экенин билдирет. «Силердин Кудайыңар» биздин Машайак менен Анын бир туугандары катары адамдыктагы идентификациябызды билдирет.
Мырза Мариямга, ал Аны жерде мындан ары кармабаса да, Аны асманда Атанын Өзүнүн алдында кармай турганын айтып жаткан – анын бардык үмүттөрү жана баталары эми Мырзанын бардык бир туугандары менен бирге ошол жерде топтолгон. Ал бул кереметтүү кабарды Өзүнүн адамдарына баш ийип жеткирди (18-аят).
Лесли М. Грант тарабынан (Ылайыкташтырылган)