Идентитет. Асмандан, жылдыздардан ылдый караганда, мени эмне кѳрѳсүң? Сен мени Анын кымбат баалуу канына жуудуң дейсиң, жана эч кандай күнѳѳ же так жок. Бирок сен кѳргѳн нерсе менен менин күзгүм кѳргѳн нерсе абдан айырмаланат. Жана мен жаңы жаратылыш боло аларыма ишенүү кыйынга турат.
Мен сенин мени кандай кѳргүң келсе, ошондой кѳргүм келет, күзгүм айтканды эмес. Машайактагы адам – бул сен мени кандай кылдың, жана мен башка эч нерсе болгум келбейт.
Бирок мен күрѳшүп, мени кармап турган нерселерди оңдоого аракет кылам. Бирок кандайдыр бир жол менен, канчалык аракет кылсам, ошончолук эркин болуу кыйынга турат. Мен кылгым келбеген нерселерди кылам, жана кылгым келген нерселерди кыла албайм. Үстүмдѳ кара булут каптап турат, жана ичимде тынчсызданам. Мен тузакка түшкѳндѳй сезем, жана ичимдеги күнѳѳдѳн кутула албайм. О, мен кандай бактысыз адаммын! Мени ким куткарат?
Анан мен Кудайдын чындыгын жана ѳзүмдүн идентитетимди кѳрдүм. Мен Кудай мени буга чейин кылган адам болууга аракет кылып жаткан элем.
Мен Машайак менен ѳлдүм, жана эски адам ѳлдү, жана мен тирилгендиктен жашайм. Менин жашоом Анда жана менин идентитетим; менин кабыл алынышым Машайакта, менде эмес.
Мен Машайак менен ѳлдүм, жана эски адам ѳлдү, жана мен тирилгендиктен жашайм. Менин жашоом Анда жана менин идентитетим; менин кабыл алынышым Машайакта, менде эмес.
Менин кабыл алынышым Машайакта, менде эмес, жана Кудайдын Сѳзү менин идентитетимдин күзгүсү. Оомин.